Кичинелер үчүн өстүрүчү мектеп: макул жана каршы?
Өстүрүүчү мектептер маселесинде ата-энелердин негизги суроосу - мектеп эмне укмушту бере алат, энеси/атасы/туугандары/эмнени бере албайт? Албетте, жомоктогудай нерсе болбойт! Баланы ошондой эле натыйжалуу өөрчүтө аласыӊарбы деген суроого, адистер «албетте!» деп жооп беришет. Кандай учурда болбосун, эне балага эӊ мыкты окуучу болуп кала берет. Бир кичинекей «бирок» бар: комплекстүү, түрдүү тармакты камтыган өнүгүү (мура дайыма эле талап кылына берген эмес, бирок аларсыз азыркы маалыматтык дүйнөдө балага өтө оор болот) энеден өтө көп күчтү, убакытты, чыдамкайлыкты талап кылат. Андан тышкары, улуу муундан өзүнчө жашаган жаш үй бүлөлөр баланы тарбиялоодогу кылымдар бою топтолуп келген билимдерди жана ыкмаларды жоготуп коюшкан, ал эми комплекстүү тарбиялоочу жана өрчүтүүчү ыкмаларга үйрөтүү ар кимдин эле колунан (бул бүткүл дүйнөлүк көйгөй) келе бербейт. Өстүрүүчү мектептер үй тазалоо, иш издөө менен алек болбостон, бала менен баарлашууга мүмкүнчүлүгүн жумшап, энелерге убакытты жана күч кубатын үнөмдөөгө жардам бере алат.
Балдар педагогдун жана аларды коштогон чоӊдордун жардамы менен таанып билүү жигердүүлүгүн өөрчүтүшөт, предмет менен өз ара аракеттенүүнүн жаӊы ыкмаларына үйрөнөт, түрдүү дисциплиналар боюнча баштапкы жалпы билим алат, тайпада окуганга, педагогдун нускамаларын укканга үйрөнүшөт, жалпы психикалык процесстерди – эс тутумду, көӊүл бурууну, ой жүгүртүүнү, элестетүүнү, кепти өөрчүтөт. Мында үйрөтүүчү процесс психологиялык жана педагогикалык мыйзамдарды эске алуу менен, конкреттүү жаш курактагы тайпаларга адаптацияланган, сабактар оюн, кызыктыруучу формаларда өтөт.
- Жаӊы мейкиндикти өздөштүрүү мүмкүндүгү. Көп учурларда балага да, энеге да үйдө отургандан кийин жагдайды алмаштыруу муктаждыгы пайдалуу болот.
- Окуу куралдардын ири арсеналы. Мектепте, негизинен, педагогикалык жана функционалдык көз караштан текшерилген материалдар тандалып алынат, алардын сапатына шек жаралбайт.
- Катар курулган сабактар. Жарым сааттын ичинде 7-8 түрдүү, бирок оюндун бирдиктүү сюжети менен байланышкан, үйдө аны уюштурууга мүмкүн болбогон оюндарды ойноп алуу мүмкүнчүлүгү.
- Теӊтуштары менен баарлашуу. Психологиялык көз караштан алганда, бала үч жашына чейин башка балдар менен «зарылдыкка жараша» кездешет, баланын ЭГОсунун өөрчүшү аяктабагандыктан (башканы башка катары кабыл алуу жана көрүү ага оор), бул жолугушуулар эпизоддук мүнөзгө ээ. Албетте, мындай баарлашуу – өнүктүрүүчү мектепте, аянтчада, ооруканада – дайыма коммуникациянын машыгуусу катары кызмат кылат.
- Энеси менен чарчаган үй кожойкеси катары эмес, «колдоочу» катары таанышуу мүмкүнчүлүгү. Бала үч –төрт жашка чейин окуучусун дээрлик укпайт, анын негизги «локатору» энесинин толкунуна бапталган, жана ал аркылуу гана тапшырмалардын маӊызын, алардын маанисин, өзүнүн ийгилигин же ийгилиги эмесин түшүнөт.
Эненин жана баланын жагымдуу ишке багытталган өз ара аракети оюндарга жана тапшырмаларга караганда жакшыраак өнүктүрөт. Ошондуктан өнүктүрүү мектебине баруудан максималдуу натыйжа алгыӊыздар келсе, телефон чалууларга же катаал ойлорго алаксынып, биргелешкен ишмердиктен чыгып кетүүгө болбойт - минтип сиздер балдарыӊыздарды тапшырмалары менен жалгыз таштап коёсуздар, анда сиздин колдооӊузсуз ал үчүн тапшырма баалуулугун жоготот. Ар бир баланын өзүнүн өсүү темпи, кызыкчылыгы жана түрдүү жөндөмү болот, ошондуктан ата-эне жалпы тайпалык окутуучу процессте болуп, аны жекече окуу процессинде баласы менен бирге болсо, өнүктүрүүчү мектепте окуу өз түшүмүн берет.