Балаӊыздын табити бир аз төмөндөп калганын байкадыӊызбы?
Ар бир эне баласынын тамактан баш тартканын катуу кабыл алат да, аны кабатырлануу белгиси катары эсептейт. Белгилүү балдар врачы, медицина илимдеринин кандидаты, теле алып баруучу Евгений Комаровский буга эмне себептен кабатырланбаш керектигин түшүндүрүп берди.
– Эгер бала ден соолугу чыӊ, көӊүлү жайдары болуп туруп, эч нерсе жебей, же аз ичип калса, бул анын көйгөйү эмес, сиздин көйгөй – деп баса белгилейт Евгений Олегович. Өзүӊүздүн баланы башканын баласы менен салыштыбаӊыз. Сизде өзүӊүзгө бере турган маанилүү суроо «Бала жей алгысы келген жокпу, же жей албай жатабы?» деп чыгат. Биринчиси – абсолюттук ченемдеги нерсе, экинчиси болсо, эреже катары, баланын ден соолугу таза эмес дегенди туюндурат.
Бул көйгөйлөрдүн жарымын ата-энелер өзүлөрү эле чече алат, жарымын – врачтардын жардамы менен чечүүгө болот. Кандай болбосун учурда бул баланы мажбурлап тамактандырууга себеп эмес.